Казак-Пакистан бизнес-форумунда 30дан ашык документке кол коюлду

Казак-Пакистан бизнес-форумунда 30дан ашык документке кол коюлду

Казак-Пакистан бизнес-форумунун жыйынтыгында 200 миллион долларлык 30дан ашык коммерциялык документке кол коюлду. Ага Президент Касым-Жомарт Токаев жана Премьер-министр Шахбаз Шариф катышты. Түзүлгөн келишимдер каржы, логистика, өнөр жай, энергетика жана инфраструктура тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган. Мындан тышкары, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү Казакстан менен Пакистандын Өкмөттөр аралык комиссиясынын механизмдери аркылуу күчөтүлөт.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Биздин экономикалык стратегиябыз сооданы жана инвестицияны диверсификациялоого, инновацияны шыктандырууга жана билимге негизделген өнүгүү моделин илгерилетүүгө багытталган. Мен жетектеген чет элдик инвесторлор кеңеши Казакстандагы ишкердик климаттын ачык-айкындуулук, адилеттүүлүк жана тынымсыз жакшыруу принциптерине берилгендикти чагылдырат. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштеген улуттук санариптик инвестициялык платформа инвесторлор үчүн да, бизнес үчүн да процесстерди кыйла жөнөкөйлөштүрөт.


Казакстан менен Пакистан стратегиялык жактан маанилүү географиялык абалда жайгашкан - эки өлкө тең аймактык жана глобалдык транспорттук каттамдардын негизги түйүндөрү болуп саналат. Ошондуктан бул багыттагы кызматташтык эки тарапка тең пайдалуу болот, деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Улуттук темир жол операторубуз «Казакстан Темир Жолу» жана «Казпочта» ААК Пакистандын Улуттук логистикалык корпорациясы жана Pakistan Post менен кол койгон келишимдерди кубаттайбыз. Биздин өлкөлөрдө мультимодалдык транспорттук чечимдерди илгерилетүү жана порттук инфраструктурага өз ара жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды күтөбүз.


Бүгүнкү күндө Казакстан дүйнөнүн 70 өлкөсүнө 200дөн ашык түрдүү айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт. Бул чек эмес. Өлкө жеткирүүлөрдүн географиясын да, чет өлкөгө жөнөтүлүүчү товарлардын тизмесин да кеңейтүүгө даяр. Алардын бири кант кызылчасын кайра иштетүүчү жаңы заводдун өнүмү болушу мүмкүн. Өндүрүштү баштоо боюнча келишим Пакистандык компаниялардын бири менен түзүлдү. Касым-Жомарт Токаев өнөктөштүккө Пакистандын инвестициялык жана IT компанияларын да чакырды. Өз кезегинде Шахбаз Шариф соода-инвестициялык кызматташтыктын беш жылдык программасын иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү боюнча тараптардын макулдашуулары тууралуу айтып берди. Белгилей кетсек, Казакстандын Президенти Пакистандын Премьер-министрин ушул жылы мамлекеттик сапар менен Казакстанга келип кетүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков