Бүгүн Мамлекет
башчысы жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Президент дүйнөдө жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүшүнө байланыштуу
олуттуу технологиялык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи. Дал ушул технология
өлкөлөрдүн өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан бул стратегиялык
багытта азыртан активдүү иш алып баруу зарыл. Ошентип, жакынкы беш жылда
Казакстан санариптик мамлекетке айланышы керек. Бул үчүн чет элдик тажрыйбаны
изилдеп, комплекстүү план иштеп чыгуу зарыл. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттин
санариптик саясатынын негизи болушу керек болгон тогуз артыкчылыктуу багытты
белгиледи, бул үчүн жасалма интеллектти экономиканын реалдуу секторуна,
мамлекеттик башкарууга, саламаттыкты сактоого киргизүү керек. Жалпысынан санариптик
инфраструктураны өнүктүрүү зарыл.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өкмөт
Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча агенттик менен бирге жасалма
интеллектти жана өлкөнүн санариптик трансформациясын өнүктүрүү боюнча
системалуу документ иштеп чыгышы керек. Бул ишке эл аралык компанияларды жана
тажрыйбалуу эксперттерди тартуу зарыл. Документ толугу менен прагматикалык,
түшүнүктүү болуп, мындан аркы ишибизге жол көрсөтүүчү болушу абзел. Документ
жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн жана колдонуунун бардык аспектилери боюнча
конкреттүү чаралардын комплексин камтышы керек.
Которгон: Назира Бегалиева

