Бүгүн
Астанада «Алтын сапа» жана «Парыз» сыйлыктарынын лауреаттарын, ошондой эле «Казакстандын
мыкты товары» сынагынын
жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлыктарды аларга мамлекет башчысы
тапшырды. Ар бир ишкердин ийгилиги – бул жалпы жетишкендиктердин күбөсү, деп
белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр сапаттуу жана
талап кылынган өнүмдү
чыгаруу менен ата мекендик экономиканын өнүгүшүнө зор салым кошууда.
Казакстандын президенти экономиканын өсүшү таасирдүү темптерди көрсөтүп
жатканын белгиледи - быйыл ал 6% ашат, ал эми ИДӨнүн көлөмү биринчи жолу 300
миллиард доллардан ашышы мүмкүн. Касым-Жомарт Токаев өкмөт даяр өнүмдүн экспортун көбөйтүү боюнча
активдүү иш алып барышы керектигин баса белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Акыркы беш жылда кайра
иштетүү өнөр жайында дүң кошумча нарк 25% ашык өстү, бул тоо-кен тармагындагы
өсүү темпинен кыйла ашып түштү. Акыркы жылдары негизги капиталга инвестициялар
70% өстү. Реалдуу сектордо эмгек өндүрүмдүүлүгү 40% жогорулады. Чийки эмес
экспорттун көлөмү дээрлик эки эсеге өстү. Натыйжада экспорттоочулардын саны 3
эсеге көбөйдү, бул биздин өнүмдү
жеткирүү географиясын 140 мамлекетке чейин
кеңейтүүгө мүмкүндүк берди. Бул ата мекендик товарлардын чет элдик рыноктордо
өз ордун таап жатканынын айкын далили.
Бүгүнкү
күндө бизнес чөйрөсүндө 4,5 миллион адам иштейт – бул Казакстандын жалпы
иштеген калкынын дээрлик жарымын түзөт.
Мамлекет башчысы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп
жатканын жана бардык негизги маселелер анын жеке көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Инфляцияны төмөндөтүү, жаңы Салык кодексин натыйжалуу ишке ашыруу, мамлекеттин
экономикага кийлигишүүсүн азайтуу боюнча реформаларды улантуу, өлкөнүн
инвестициялык тартымдуулугун
күчөтүү маанилүү. Касым-Жомарт Токаев кошумча наркы жогору өнүм өндүргөн ишкерлер үчүн
жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Менин тапшырмам боюнча «Даму» фондунун базасында чакан жана орто бизнес менен ири инвестициялык долбоорлор үчүн эки кепилдик фонду түзүлдү. Бул иштин алкагында 400 млрд теңгеден ашык суммага 2229 долбоор каржыланды, анын ичинде мамлекеттик кепилдик менен камсыздалган 220 млрд теңгеден ашык каражат бар. Ишкердик активдүүлүктү андан ары шыктандыруу үчүн чакан бизнести колдоо боюнча бирдиктүү программаны кечиктирбестен кабыл алуу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

