1,5 триллион теңгеден ашык салык, 10 миңге жакын жаңы жумуш орундары жана өлкө экономикасына 44 пайыздык салым. Бул - 2024-жылы мамлекеттик колдоого ээ болгон чакан жана орто бизнестин натыйжасы. Байтерек холдинги колдоосунун ар кандай механизмдери аркылуу ишкерлерге 336 миллиард теңге берилди. Анын 254 миллиарды жеңилдетилген насыя. Чоң каржылоого ишкерлердин 2 700 долбоору ээ болду. Казакстандык товар өндүрүүчүлөр былтыр 25,5 триллион теңге көлөмүндө өнүм чыгарган. Бул тууралуу Астанада өткөн 8-Ulttyq ónim көргөзмөсүнүн ачылышында айтылды.
Серик Жумангарин, Премьер-министрдин орун басары, Улуттук экономика министри:
- Чакан жана орто бизнести колдоо күчөйт. Быйылкы жылы биз экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүүнү тездетүүгө басым жасадык. Мамлекет маалымат технологиялары, логистика, туризм, тамак-аш, курулуш материалдарын өндүрүү, унаа жасоо, жеңил жана химиялык өнөр жай сыяктуу келечектүү тармактарда чакан жана орто бизнес үчүн инвестициялык долбоорлорго ачык буйрутма жарыялады. Бул багыттарга ар тараптуу колдоо көрсөтүлөт.
Ulttyq ónim масштабдуу көргөзмөсүнө 350дөн ашык казакстандык өндүрүшчүлөр катышты. Алар сунуш кылган өнүмдөрар түрдүү тармактарды камтыйт. Тамак-аш, женил жана химия өнөр жайынан тартып унаа жасоого чейинки өнүмдөр бар. Жабдуулар жана зер буюмдар да көргөзмөгө коюлган. Көргөзмөнүн бардык катышуучулары «Өнүгүү» фондунан каржы жана башка колдоо алды.
Фархат Сарсекеев, «Өнүгүү» ишкердикти өнүктүрүү фондунун башкарма төрагасы:
- Бул өткөн жылы биз колдоо көрсөткөн ишкерлердин бир бөлүгү гана. 2024-жылы биз 29 миң субсидия бердик. 1 триллион теңгеге 29 миң долбоор колдоого алынды. Жалпысынан 40 миң долбоор 1,7 триллион теңгеге ээ болду. Биз үчүн эң артыкчылыктуу тармак болуп өндүрүш тармагы эсептелет. Бул өндүрүш бөлүгү. Өндүрүш бөлүгүнүн мультипликативдик таасири болот. Бул жаңы жумуш орундары, салык төлөмдөрү. Жалпысынан импортту алмаштыруу жүзөгө ашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

