Касым-Жомарт Токаевдин Вьетнамга сапары уланууда. Бүгүн
президент Хайзионг провинциясында жайгашкан карапа чыгаруучу Чу Дао кыштагына
барды. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев бул жакка кесиптеши Во Ван Тхыонг менен келген. Эки өлкөнүн лидерлери даяр
өнүмдөрдү
карап, карапа буюмдардын жасалуу процесси менен таанышты. Андан соң
президенттер карапа идиштерди атайын станокто жасап көрүштү. Казакстан менен
Вьетнамдын президенттери айылды аралап чыккандан кийин даяр өнүмдөргө жана ардактуу коноктордун китебине өз кол
тамгаларын жазып калтырышты.
Быйыл эки өлкөнүн өз ара соодасы 5 эсеге өстү. Тараптар
жетишилген ийгиликтер менен токтоп калууну көздөшпөйт жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө
кызыкдар.
Серик Жумангарин, Соода жана интеграция
министри:
Казакстан Вьетнамдан келген товарлардын
реэкспорттук борбору болуп саналат. Бул да бизге пайда алып келет. Ошондой эле
Вьетнамдан келе турган электр буюмдарын
ЕАЭБке сатып жатабыз.
Касым-Жомарт Токаев
Казакстанга инвестиция салууга ниеттенген бизнес өкүлдөрү менен жеке жолугушуу
өткөрдү. Мындан тышкары, дүйнөлүк масштабда технологиялык өнүм чыгарган
ишканаларды кыдырып, алардын иши менен таанышты.
Белгилей кетсек, Касым-Жомарт
Токаевдин Вьетнамга расмий сапарынын жыйынтыгында тараптар биргелешкен
коммюнике кабыл алышты. Эки өлкө жалпысынан түрдүү багыттар боюнча 12
документке кол коюшту.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков