Казакстан президенти Туркиянын коргоо министри менен жолугушту

Казакстан президенти Туркиянын коргоо министри менен жолугушту

Мамлекет башчы Түркиянын улуттук коргоо министри Яшар Гүлерди кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Казакстан менен Түркия ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүшүн белгилеп, стратегиялык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Өз кезегинде Яшар Гүлер Түркиянын ишеним жана өз ара колдоо духунда өлкө менен мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө умтулуусун ырастады. Ал Казакстандын бир катар аймактык жана эл аралык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган аракеттерин жогору баалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков