Актөбеде «Хроникадан Келечекке» аттуу кинолекторий өттү

Актөбеде «Хроникадан Келечекке» аттуу кинолекторий өттү

Президенттин Телерадио комплексинин 30 жылдыгын белгилөө алкагында өлкө боюнча масштабдуу агартуу долбоору – республикалык кинолекторий «Хроникадан келечекке» өткөрүлүүдө. Өткөн аптада Казакстандын батыш аймактарында көрсөтүүлөр өттү. Актөбеде көрүүчүлөргө Документалдуу кино борборунун автордук эмгектери сунушталды. Каармандардын тагдырлары жана маанилүү окуялар аркылуу тасмалар көз карандысыз Казакстандын калыптануу жолун ачып берет. Кинолекторийдин программасына жашоо жолу, өзгөрүүгө умтулуу жана адамдын коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы темалары бириктирген төрт тасма кирди.

Гулкасима Суентаева, облусттук маслихаттын төрайымы:


–  Бул жөн гана тасмаларды көрсөтүү эмес, өлкөбүздүн тарыхынын маанилүү барактары тууралуу ачык диалог жана пикир алмашуу аянтчасы. Мындай тасмалар өткөнгө жаңы көз караш менен кароого, тарыхый эстутумду сактап калууга жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүгө жардам берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков