Касым-Жомарт Токаев
Түркмөнстандын Элдик Маслихатынын төрагасы менен жолугушту. Мамлекет башчы
Гурбангулы Бердымухамедовго Түрк мамлекеттер уюмунун X саммитине катышкандыгы
үчүн ыраазычылык билдирди. Казакстандын президенти белгилегендей, бүгүнкү
жолугушуу эки боордош өлкөнүн өз ара өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого өбөлгө
түзөт. Мамлекет башчысынын айтымында, казак-түркмөн мамилелери ийгиликтүү
өнүгүп жатат жана стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине толугу менен шайкеш
келет. Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов эки өлкөнүн кызматташтыгын жогору
баалады. Тараптар өз ара соодада оң динамика бар экенин белгилешип, энергетика,
өнөр жай, транспорт, логистика жана башка тармактарда долбоорлорду ишке
ашырууну талкуулашты. Ошону менен бирге эки мамлекет маданий-гуманитардык
байланыштарды мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
-Казакстанда сизди Түркмөнстандын
лидери, биздин замандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери катары таанышат. Сиз
Казакстан менен Түркмөнстандын кызматташтыгын өнүктүрүүгө чоң салым коштуңуз.
Ошондуктан бул жыйынга сиздин келишиңиз жана биздин бүгүнкү жолугушуубуз чоң
саясий мааниге ээ деп эсептейм. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан
ары да чыңдоо багытында бизде жалпы маселелер бар. Биз боордош жана коңшу
мамлекеттербиз. Казакстан менен Түркмөнстандын ортосунда эч кандай талаш маселе
жок. Эки мамлекет ар дайым бири-бирине тилектеш.
Гурбангулы Бердимухамедов,
Түркмөнстан Элдик Маслихатынын төрагасы:
-Бул жылдар аралыгында биз тышкы
саясатыбыздын, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерибиздин
мыйзамдык базасын калыптандырдык. Тышкы саясат маселеси боюнча сиздерге абдан ыраазыбыз.
Сиз биздин нейтралдуу позициябызды ар дайым колдойсуз. Мындан тышкары, сиз
Бириккен Улуттар Уюмунун түзүмүндө жетекчи болуп турганда тышкы саясатыбызга
көп эмгек кылдыңыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков