Азыркы учурда дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө референдум участкалары иштеп
жатат. Салт боюнча, Азия өлкөлөрүндө биринчилерден болуп участоктор иштей
баштады. Түштүк Кореядагы жана Жапониядагы мекендештер Казакстандын элчилигинин
имараттарында жайгашкан участокто өз тандоолорун жасашты.
Кулпынай Байтуова, добуш берүүчү:
- Өлкөдө болуп жаткан окуялардын баары бизди кайдыгер
калтырбайт. Ошондуктан биз бул референдумга жарандык милдетибизди билдирүү үчүн
келдик. Кореяда жашаган ар бир жаран, өз добушун берүү үчүн ушул элчиликке
келип добуш бере алат.
Орусиядагы мекендештер да атомдук электр станциясын куруу боюнча
референдумда добуш беришти. Казакстандын Орусиядагы элчилигинде, ошондой эле
дагы төрт шаарда добуш берүү участкалары ачылды. Мында шайлоочулар таңкы саат
жетиден тарта чогула башташты. Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө 60 миңден ашуун
казакстандык студент билим алат.
Акын Испуллаев, добуш берүүчү:
- Бүгүн мен элчиликке биринчи кезекте ушул референдумга
катышуу жана конституциялык укуктарымды ишке ашыруу үчүн добуш берүү максатында
келдим. Бүгүнкү күндө мен Казакстандын келечеги үчүн добуш бердим. Казакстан
Республикасы учурдагы талапка ылайык өнүгүшү керек.
Александр Синяговский, участкалык референдум
комиссиясынын төрагасы:
- Казакстандын Орусия Федерациясындагы Элчилигинде
республикалык референдум күнү №397 добуш берүү участогу ачылды. Биздин
элчиликтен тышкары Орусия Федерациясындагы Санкт-Петербург, Казань, Астрахань
жана Омск шаарларындагы башкы консулдуктарда 5 участкалык комиссия иштеп жатат.
Салт боюнча шайлоочулардын активдүүлүгүн күтөбүз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков