Президенттин
кайрылуусун ишке ашыруунун жүрүшүн премьер-министр Актөбө облусуна
жасаган жумушчу сапарынын алкагында текшерди. Тактап айтканда, Бадамша
айылындагы бир катар объектилердин мисалында Өкмөт башчы энергетика
тармагындагы инфраструктуралык маселелердин чечилиши менен таанышты. Олжас
Бектеновго «Бадамша» жана «Бадамша-2» шамал электр станциясынын
иши тууралуу маалымат берилди. Долбоорлорду ишке ашырууга 69 миллиард теңге
жеке инвестиция жумшалды. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө бул турбиналар
Казакстандагы эң ирилер болуп саналат. Долбоордун жылдык электр энергиясын өндүрүүсү болжол менен 195
ГВт/саатты түзөт. Премьер-Министр белгилегендей, Казакстанда «жашыл» энергиянын үлүшү 6%ды
түзөт. Ал эми республиканын энергетика секторунун 70% ын камсыз кылган көмүр
станциялары көпчүлүк бөлүгү эскирген. Өлкөбүздүн энергетикалык туруктуулугу
үчүн альтернативдүү булак
керек. Референдумда АЭСтин курулушуна эл колдоо көрсөтсө, атомдук энергетиканы
өнүктүрүү Казакстанды туруктуу жана таза энергия менен камсыз кылууга мүмкүндүк
берет.
Которгон: Назира Бегалиева