Борбор дагы бир жолу глобалдык бакубаттуулук жана
жакшылык жолунда диндер аралык диалог үчүн аянтча болуп калды. Бул жолу Астанага
дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн жаш диний лидерлер чогулду. Биринчи форумга
ислам, христиан, будизм, даосизм, синтоизм жана индуизм өкүлдөрү катышты. Жаш
муун диний жана маданий темасындагы актуалдуу маселелер боюнча ой-пикирлери
жана тажрыйбалары менен бөлүштү. Аларга жакын тема жаңы технологиялар доорунда
диндин маанилүүлүгүн талкуулады. Жаштар бул жаатта тажрыйбалуу улуу муундардан
кеңеш алышты. Серепчилер бул демилге жаш диний лидерлердин ар тараптуу диалогу
үчүн уникалдуу аянтча болоруна ишенишет.
Маулен Ашимбаев, Курултай катчылыгынын
башчысы:
- Сиздер биргеликте тынчтыкты өнүктүрүүгө жана
глобалдык кызматташтыкты жана ынтымакты чыңдоого салым кошуп жатасыздар. Биз
жаш муундун аракетине, чыгармачылыгына жана дүйнөнү жакшыртууга умтулабыз. Бул
форум сиздер үчүн лидерликке карай маанилүү окуя болору чексиз. Ошондой эле,
бул аянтча баарына жаңы досторду табууга, туруктуу жана өнүккөн дүйнөнү түзүү
үчүн жооптуу миссияларыңызды аныктоого жардам берет деп үмүттөнөбүз.
Рудракша Сакрикар, «Somaiya Vidyavihar»
университетинин профессору, Индия:
- Бүгүнкү форум-Казакстан Өкмөтүнүн өтө
маанилүү демилгеси. Бул жаштарга дин жана руханий каада-салттарга байланыштуу
темалардагы талкууларга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Мен форумдун
катышуучуларын биздин институтта Индия баалуулуктарын жана конфессиялар аралык
диалогду өнүктүрүү боюнча ар кандай иш-чаралар менен тааныштырдым.
Которгон: Илгиз Жамалбеков