Быйыл Европа, Азия жана Жакынкы Чыгышка 19 жаңы аба багытын ачуу мерчемделип жатат. Бул тууралуу транспорт министри Марат Карабаев президент Касым-Жомарт Токаевдин кабыл алуусунда билдирди. Достык – Мойнт, Алматы айланма темир жолу, Дарбаза – Мактаарал, Аягоз – Бахты жана Кызылжар – Мойнты сыяктуу 5 ири темир жол долбоорлору ишке ашырылууда. Мамлекет башчысы борбор – Батыш автожолунун курулушун тездетүү, Батыш Европа – Батыш Кытай коридорун кеңейтүү, Транскаспий эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү, транспорт тармагына инвестиция тартуу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын берди.
Марат Карабаев, Транспорт министри:
- Транскаспий транспорттук коридоруна көңүл бурулду. Ал жерде өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өсүш 62 пайызды түзгөн. Эң негизгиси, авиация тармагына келсек, өткөн жылы 3 учак жеке инвестициянын эсебинен толук жаңылоодон өттү. Ал эми быйыл дагы 4 аэропорттун курулушу пландалууда. Темир жол тармагында үстүбүздөгү жылы 125 вокзалды капиталдык ремонттон өткөрүү пландары жөнүндө баяндама жасадым.
Касым-жомарт Токаев ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин төрагасы Асхат Жумагалини кабыл алды. Белгилей кетсек, жыл башынан бери мамлекеттин пайдасына 15 миллиард теңге кайтарылганы айтылды. Президентке экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму жана коррупция менен күрөшүү боюнча бир топ мамлекеттер менен өнөктөштүк тууралуу маалымат берилди. Быйыл агенттик коррупцияга каршы органдардын эл аралык ассоциациясынын аткаруу комитетинин курамына кирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

