«Байтерек» жакынкы эки жылда Казакстандын экономикасынын чийки эмес зат тармагын колдоо көлөмүн эки эсеге арттырат. Ошондой эле инвестицияларды тартуу жана коммерциялык банктарды кайра иштетүү өнөр жайынын долбоорлорун насыялоого тартуу иш-аракеттери күчөтүлөт. Бул тууралуу мамлекет башчысына холдингдин башкармалыгынын төрагасы Нурлан Байназаров айтып берди. Муну менен катар, Касым-Жомарт Токаевге холдингдин үстүбүздөгү жылдын акыркы 9 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди. Байназаровдун айтымында, аталган убакыт аралыгында 500 миллиард теңгеге инвестициялык долбоорлор, чакан жана орто бизнестин 18 миң долбооруна колдоо көрсөтүлүп, 1 триллион теңге көлөмүндө насыялар берилген. Агроөнөр жай комплексин колдоого 447 миллиард теңге жумшалган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков