Бельгияда Казакстандын жаңы Конституциясы талкууланды.
Брюсселдеги пресс-клубда Еврокомиссиясынын, Европа биримдиктин Кеңешинин
өкүлдөрүнө, ошондой эле дипломаттарга жана аналитиктерге өлкөнүн Баш
мыйзамындагы негизги өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти. Сенатор Евгений
Больгерт жана Казакстандын ЕБдагы элчиси Роман Василенко жаңы Конституция
бийлик бутактарынын ортосунда ыйгарым укуктарды так бөлүштүрүүгө багытталганын
белгилешти. Атап айтканда, Парламенттин ролун күчөтүү, парламенттик көзөмөлдүн
механизмин кеңейтүү, сот системасынын көз карандысыздыгынын кошумча
кепилдиктери көрсөтүлдү.
Евгений Больгерт, Парламент
сенатынын депутаты:
– Элдик
Кеңеш биринчи кезекте Казакстан элинин Ассамблеясынын укук улантуучусу болуп
калат. Экинчиден, бул Улуттук Курултайдын ийгиликтүү иши жана жарандык коомдун
мамлекет менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы. Элдик Кеңеш мыйзамдарды кабыл
албайт, бирок ал ички талкуулардын жыйынтыгы боюнча коомго керектүү болгон,
Курултай тарабынан каралып, кабыл алына турган тигил же бул мыйзамдарды иштеп
чыгуу боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу болот.
Жолугушууда мамлекетти башкарууга жарандардын
катышуусун кеңейтүүгө да көңүл бурулду. Бул жаңы консультативдик форматтар жана
коомдук диалог механизмдери аркылуу ишке ашырылат. Ошондой эле мыйзам үстөмдүгү
жана мамлекеттик институттардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу сыяктуу
артыкчылыктар тууралуу сөз болду. Мындан тышкары, санариптик чөйрөдөгү адам
укуктары, экологиялык жоопкерчилик, социалдык саясат жөнүндө айтылды. Бул
нормалар жаңы Конституцияда бекитилген.
Маурицио Джери, Эл Аралык мамилелер чөйрөсүндөгү
серепчи:
– Бул кеңири масштабдуу өзгөрүүлөр жогору бааланууда.
Менимче, бул Казакстан үчүн маанилүү учур, анткени Казакстан Борбор Азиядагы эң
гүлдөгөн өлкө. Жаңы система экономикага – чийки заттык моделден кошумча нарк
өндүрүүгө өтүүгө, өнөр жай жана технологиялык өнүгүүгө кандай таасир этээрин
көрүү кызыктуу болот. Бул инвестициялар, стартаптар, билим берүүгө жана илимге
капитал тартуу жөнүндө болуп жатат. Мунун баары Казакстандын аймактагы экономикалык
трансформациянын лидери катары позициясын бекемдеши керек.
Катышуучулар конституциялык реформалар инвесторлордун
ишенимин бекемдейт, жөнгө салуунун болжолдуулугун жогорулатат жана Казакстан
менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү
ачат деген пикирлерин билдиришти.
Мэрилин Джозефсон — Европа Кеңешинин Президентинин
Борбордук Азия өлкөлөрү менен байланыштар боюнча кеңешчиси:
– Казакстандагы конституциялык референдум – өлкөнүн өнүгүүсүндөгү өтө маанилүү этап. Ага катышуунун жана тартылуунун жогорку деңгээли реформаларды туруктуу кылат. Бул ЕБ менен узак мөөнөттүү кызматташтыкты бекемдөө үчүн туруктуу жана болжолдуу чөйрөнү түзөт деп күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

