Казакстан президенти парламенттик системанын сунушталган реформасына пикир билдирди

Казакстан президенти парламенттик системанын сунушталган реформасына пикир билдирди

Касым-Жомарт Токаев «Укук аркылуу тынчтык жана келечек» аттуу конституциялык сот адилеттигинин эл аралык форумунун катышуучулары менен жолугушту. Алардын арасында Венеция комиссиясынын президенти, БАЭнин Федералдык Жогорку сотунун төрагасы, Африканын конституциялык юрисдикция органдарынын конференциясынын жана Монголиянын Конституциялык сотунун башчылары бар. Мамлекет башычысы Казакстан элине кайрылуусунун мазмуну тууралуу айтып берди. Президент парламентаризм системасын реформалоо боюнча сунушуна өзүнчө комментарий берди. Анын мааниси - саясий системаны мындан ары да чыңдоо. Ошол эле учурда парламенттик республиканы орнотуу маселеси күн тартибинде жок, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. "Күчтүү Президент – Таасирдүү Парламент – Отчет берүүчү Өкмөт" модели мурдагыдай эле сакталып турат. Ал эми улуттук референдум өткөрүү сунушу өлкөнүн келечегине байланыштуу маселелер боюнча бирдиктүү чечимдер гана кабыл алынганда, бул принциптин дагы бир жолу далили болуп саналат. Чет элдик сот жана конституциялык органдардын жетекчилери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий реформаларга жогору баа беришип, Казакстандын эл аралык коомчулук менен активдүү кызматташтыгын белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков