Казакстан менен Өзбекстан экономикалык өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүдө. Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 16 пайызга өскөн, ал эми быйылкы жылдын төрт айында 42% көбөйүп, 2 миллиард долларга жетти. Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектенов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушууда айтты. Тараптар өнөр жай, энергетика, транспорт, суу ресурстары жана туризм тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Андан соң Олжас Бектенов V Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышты. Ал Казакстан Борбор Азиянын экономикалык дараметин ачуу үчүн аймак мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүүнү колдой турганын белгилеп, өлкөнүн 2030-жылга чейинки инвестициялык саясатынын жаңыланган концепциясын сунуштады. Казакстандын премьер-министри жаңы Конституция өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун чыңдоо үчүн кошумча шарттарды түзөрүн баса белгиледи. Ошондой эле, санариптик технологиялар тармагында кызматташуунун дарамети белгиленди. Атап айтканда, Борбор Азиянын санариптик хабы болууга багытталган «Маалыматтарды сактоочу жайлардын өрөөнү» долбоору буга чейин 10 миллиард долларга жакын инвестиция тарткан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

