Сапар бугу айынын 17-19на белгиленген. Бул тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпиндин сүйлөшүүлөрү Сиань шаарында болору күтүлүүдө. Мамлекет башчысы менен Кытайдын төрагасы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт-логистика, энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашат. Маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө да көңүл бурулат. Мындан тышкары президент «Борбор Азия+Кытай» саммитине катышып, кытайлык ири компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков