К.Токаев ок атуу федерациясынын жетекчилери менен спорттук атууну өнүктүрүүнү талкуулады

К.Токаев ок атуу федерациясынын жетекчилери менен спорттук атууну өнүктүрүүнү талкуулады

Казакстандын президенти Эл аралык спорттук ок атуу федерациясынын жана Азиялык ок атуу конфедерациясынын жетекчилери Лучано Россини жана шейх Салман Сабах аль-Салем ас-Сабахты кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев биздин өлкө ок атуу спортунун түрлөрүн өнүктүрүүгө салттуу түрдө чоң көңүл буруп келгенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы мындан ары да ок атуу жана стенддик ок атууну колдоого, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин билдирди. Тараптар республикадагы ок атуу комплекстерин модернизациялоо, спортчуларды даярдоонун заманбап ыкмаларын киргизүү жана балдар-өспүрүмдөр спорт клубдарынын ишин кошо алганда, жаштар программаларын кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Казакстандын президенти федерациялардын жетекчилерин II даражадагы «Достык» ордендери менен сыйлады.

Которгон: Назира Бегалиева