Сенат «Түрк
инвестициялык фондун түзүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» мыйзамды
жактырды. Фондду түзүү боюнча келишимге ушул жылдын жалган куран айында
Анкарада Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин
алкагында кол коюлган. Фонддун уюштуруучуларынын тизмесине Азербайжан, Түркия,
Өзбекстан жана Кыргызстан дагы кирген. Анын уставдык капиталы 500 миллион
доллар өлчөмүндө болот деп болжолдонууда. Ар биринин номиналдуу баасы 50 000
доллардан турган 10 миң акцияга бөлүнгөн.
Абзал Абдикаримов, Улуттук
экономика вице-министри:
- Төлөнгөн акциялар
350 миллион долларды түзөт, бул ар бир мүчө-мамлекет 70 миллион доллар төлөнгөн
акциядан алат дегенди билдирет. Зарыл болгон учурда фонд долбоордук портфелдин
көбөйүшүнө байланыштуу кошумча каржылоону сурай алат. Буга кошумча келишимде
башка мамлекеттерди мүчөлүккө кошуу мүмкүнчүлүгү да каралган. Эл аралык каржы
уюмдарынан дагы кошумча каражат тартуу жагы бар. Жакында Венгрия бардык өлкөлөр
келишимди ратификациялагандан кийин байкоочу өлкө катары 100 миллион доллардан
кем эмес инвестиция салууга даяр экенин маалымдады.
Фонд бир эле учурда
бир нече маанилүү функцияларды аткарат. Тактап айтканда, аймактар аралык
сооданы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүп, чакан жана орто бизнес долбоорлорун
каржылайт. Белгилей кетсек, анын капиталы биринчи кезекте бардык катышуучу
өлкөлөр үчүн өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө долбоорлорду колдоого жана
өнүктүрүүгө багытталган. Ага өнөр жай өндүрүшү, инфраструктура, транспорт, айыл
чарба, туризм, логистика жана башка тармактар кирет.
Абзал Абдикаримов, Улуттук
экономика вице-министри:
- Өлкө катары биз эл
аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү долбоорлорун сунуштоону пландап жатабыз.
Мисалы, Транскаспий эл аралык транзиттик жолун өнүктүрүү – контейнердик хаб
куруу, Курык портун кеңейтүү, ошондой эле башка маанилүү долбоорлор. Колго
алынган чаралар эл аралык кызматташтыкты жана сооданы өнүктүрүүгө оң таасирин
тийгизет деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков