Казакстандын президенти оор атлетика боюнча эл аралык жана азиялык федерациялардын башчылары Мохаммед Джалуд Аль - Шаммари менен Мохамед Юсеф Аль-Мананы кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, бүгүнкү күндө 20 миң казакстандык оор атлетика менен системалуу түрдө машыгат. Аны андан ары илгерилетүү үчүн эки федерация менен тыгыз байланышта болуу маанилүү. Өз кезегинде маектештер Казакстандын оор атлетика мектебинин жогорку деңгээлин жана Борбор Азия өлкөлөрү үчүн аймактык оор атлетикалык ХАБды түзүүдө Астана менен Алматыда болгон шарттарды белгилешти. Эл аралык оор атлетика федерациясынын башчысы Казакстан 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиадага лицензиялык тандоо турнирин өткөрүүгө эң ыктымалдуу талапкерлердин бири катары каралып жатканын билдирди. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Мохаммед Джалуд Аль-Шаммари менен Мохамед Юсеф Аль-Манага оор атлетиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ІІ даражадагы «Достук» орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

