Казакстан президенти коргоо министрин кабыл алды

Казакстан президенти коргоо министрин  кабыл алды

Коргоо министри Руслан Жаксылыков Касым-Жомарт Токаевге аймактык коргонууну чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, президентке туруктуу даярдыктагы бөлүмдөрдү курал-жарак жана аскердик техника менен жабдуу, ошондой эле аларды ата мекендик өндүрүштүн мобилдик жана модулдук компоненттерине өткөрүү боюнча маалымат берилди.  Ошондой эле Президентке –  Башкы колбашчыга казак армиясынын күжүрмөн даярдыгынын жаңы форматы, аскерге милдеттүүлөр жана аскердик кызматты өтөп жаткандар тууралуу маалыматтарды санариптештирүү, маалыматтык системаларды модернизациялоо боюнча баяндама жасады. Акыркылар башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен интеграцияланган. Бул каттоо, аскердик каттоо жана аскердик билеттерди берүү кызматтарын электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Руслан Жаксылыков ишке кабыл алынгандарга кредиттик эс алуу, ошондой эле жеңилдетилген билим берүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу маселелерине токтолуп, бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков