Касым-Жомарт
Токаев Казакстан элдери
Ассамблеясынын төрагасынын жаңы дайындалган орун басарлары Дмитрий Останьковичти жана Расул
Ахметовду кабыл алып, ишине ийгиликтерди каалады. Президент коомдук ынтымакты
жана жалпы улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты
ишке ашырууда уникалдуу түзүмдүн өзгөчө ролун белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө
Ассамблеянын алдыдагы XXXIV сессиясына
даярдыктын жүрүшү жана аталган институттун 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүүчү
иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

