2022-жылы Казакстанга келген чет элдик инвестициянын таза агымы 6 миллиард доллардан ашты. Улуттук банктын маалыматы боюнча, быйылкы жылы да оң тенденция сакталууда. 2023-жылдын биринчи чейрегинде инвесторлор АКШ валютасына 2,5 миллиард инвестиция салышкан. Бул 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошол эле учурда жалпы капиталдын кирешеси өскөн. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өлкө экономикасына салган инвестициясынын көлөмү 7,5 миллиарддан ашты. Серепчилердин айтымында, өсүш негизинен Казакстандын мунай өндүрүү, соода жана каржы тармагына эл аралык компаниялардын кошумча инвестицияларынын эсебинен катталды. Ошол эле учурда кайра иштетүү өнөр жайы жана дүң соода чет элдик инвесторлор үчүн эң жагымдуу бойдон калууда. Электр менен жабдуу тармагына багытталган капиталдын көлөмү да өстү. Үстүбүздөгү жылдын башында чет элдик инвестиция куюлган негизги аймактар Атырау облусу жана Алматы болду. Казакстандагы негизги каржы инвесторлорунун тизмесинде дагы эле Нидерландия, АКШ жана Швейцария алдыңкы орунда турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков