Касым-Жомарт
Токаев «Абу-Дабинин туруктуу өнүгүү
жумалыгынын» ачылыш аземине катышты.
Казакстандын Президенти менен бирге иш-чарага БАЭнин, Азербайжандын, Руанданын,
Өзбекстандын президенттери жана Малайзиянын, Жаңы Зеландиянын, Финляндиянын
өкмөт башчылары ошондой эле кайра жанма энергия булактары, технологиялык өнүгүү
жана инновациялар жаатындагы саясатчылар, лидерлер, инвесторлор жана ишкерлер
катышты. Саммиттин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Казакстандын туруктуу өнүгүүгө
жана климаты менен күрөшүү багыты менен бөлүштү. Белгилей кетсек,
Абу-Даби саммити – жашыл технологияларга жана энергиянын альтернативдүү
булактарына инвестицияларды шыктандырууга, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына
жетүү үчүн инновациялык чечимдерди издөөгө багытталган алдыңкы жана глоабалдык
аянтчалардын бири. БАЭнин борборундагы иш-чаранын алкагында туруктуу өнүгүү
жаатындагы көрүнүктүү жетишкендиктерди даңазалаган беделдүү сыйлык тапшыруу
аземи да болуп өттү.
Казакстан менен БАЭ соода алмашууну 1 млрд долларга жеткирүү ниетинде
Буга чейин Казакстандын президенти БАЭнин Президенти жана ишкер чөйрөнүн
өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев жылуу кабыл алгандыгы
жана меймандостугу үчүн шейх Мухаммед бен Заид Аль Нахаянга ыраазычылык
билдирди. Мамлекет башчысы Казакстан менен Эмираттардын ортосундагы мамилелер
достук, ишеним жана өз ара урматтоо духунда өнүгүп жатканын баса белгиледи.
Казак лидери БАЭнин Президентин Астанага келүүгө чакырды. Айта кетсек, БАЭ өлкөнүн он ири чет элдик
инвесторлорунун катарына кирет. Өткөн жылы ал жактан ата мекендик экономикага
түз инвестициялардын агымы эки эседен ашык көбөйгөн. Мамлекеттер өз ара товар
жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

