Археологдор Павлодар облусунда уникалдуу экспонат тапты

Казак археологдору Павлодар облусуна жасаган экспедиция учурунда сейрек кездешүүчү экспонаттарды тапты. Баа жеткис эстеликтердин эң байыркысы жана эң баалуусу – колодон жасалган найзанын учу. Биздин заманга чейинки 13-8-кылымдарда жасалып, Саргара-Алексеев тибине кирет. Мындан тышкары, казуу иштеринде карападан жасалган ашкана буюмдары да табылды. 

Диас Ибраев, Маргулан Университетинин студенти: 

- Бул карапаны карап көрсөк, мында өзгөчө ыкма менен жасалган.  Алар оюм-чийимдерин тырмакка матырып жасашкан. Кийинки карапаны жасоо ыкмасы тырмак сымал. Бирок анын өзгөчөлүгү сырттан сызып өткүзгөнүндө. Ошондуктан, бул жылтыраак болгон. Кийинки карапабыз тарак сымал карапа. Түрдүү формаларына жараша үч бурчтуу, түз сызыктуу болуп бөлүнөт. Биздин Көктас көрүстөнүнөн табылган карапа буюмдардын бири Новосибирск жактан табылган. 

Бул аймакта 20дан ашык дөбөлөр бар. Алардын айрымдары сак дооруна таандык. Байыркы көрүстөндөн көптөгөн адамдын сөөктөрү табылган. Ошондой эле ар кандай тиричилик буюмдары экспедициянын олжосуна айланган. 

Владислав Голоденко, Павлодар педагогикалык университетинин археологиялык изилдөө институтунун кызматкери: 

- Казуу иштеринин жүрүшүндө 30 см тереңдиктеги мүрзөдөн сак дооруна таандык сөйкө таптык. Мунун аркасында объекттин кайсы доорго таандык экенин оңой эле аныктай алдык. Андан сырткары сөөктүн батыштан чыгышты көздөй жатышы да кызык болду. Бул мүрзөдөгү топурактын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, тилекке каршы, бүт мүрзөнүн түзүлүшү сакталган эмес. Бирок, биз ишти уланта беребиз. Себеби, көмүлгөн адамдын жынысын, жашын тактап, башка калдыктарды издейбиз. 

Мындан тышкары көрүстөндөн 3,5 миң жыл мурун курулган атайын объекттер да табылган. Мындан тышкары, жез казылып, кайра иштетилген кендер да табылганын айта кетели. Азыркы учурда табылган экспонаттар лабораториялык текшерүүдөн өтүп жатат. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков