Казакстандыктар жаңы үлгүдөгү
паспортторду ала башташты. Ал кошумча заманбап коргоо элементтери менен
жабдылган. Эми документте ак илбирс тартылган. Ал HDM технологиясы боюнча түзүлгөн -
жогорку чечилиштеги металлдаштыруу. Бул паспорттун аныктыгын текшерүүнү
тездетпестен, аны жасалмалоону кыйындатат. Ошондуктан, жасалмалоо дээрлик
мүмкүн эмес. Эски паспортторду алмаштырбай эле койсо болот, эгерде алар бузулбаса
жана жоголбосо, мөөнөтү бүткүчө колдоно берсе болот. Тиешелүү министрлик
белгилегендей, Казакстандын инсандыгын тастыктаган күбөлүктөрү эң
корголгондордун бири болуп саналат, аларда коргоочу 22 элемент колдонулат. Алар
эл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Белгилей кетсек,
ата мекендик паспорт дүйнөдө өз ордун бекемдөөнү улантууда. Казакстандыктар
визасыз 79 мамлекетке бара алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

