Алатау шаарынын өзгөчө укуктук режими жөнүндөгү мыйзам конституциялык деп таанылды

Алатау шаарынын өзгөчө укуктук режими жөнүндөгү мыйзам конституциялык деп таанылды

Алатау шаарынын атайын укуктук режими жөнүндөгү мыйзам конституциялык деп табылды. Аны Казакстандын Конституциялык соту текшерди. Документ өлкөнүн Президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусу боюнча каралды. Мыйзам өлкөдө жаңы ишкердик активдүүлүктүн, инвестициялардын жана инновациялардын борборун түзүү үчүн кабыл алынууда. Бул милдет Казакстан элинин дүйнөлүк коомчулукта татыктуу орунду ээлөө каалоосу боюнча Конституциянын Преамбуласы менен шайкеш келет, деп айтылат документте. Конституциялык сот Алатау шаарынын атайын укуктук режими тууралуу мыйзамдан Баш мыйзамдын үстөмдүгү сакталып калаарын баса белгилейт. Ошол эле учурда ал Конституциянын принциптерин жокко чыгарбайт жана өзгөртпөйт. Анын бардык ченемдери милдеттүү мүнөзгө ээ жана жаңы укуктук актыларды иштеп чыгууда негизги багыт болуп саналат. Бул талаптар шаардык органдардын ишинде, ошондой эле алардын мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүсүндө катуу сакталышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков