Казакстан
ири эл аралык долбоорго катышат. Тактап айтканда, Кыргызстандагы Камбар-Ата суу электр станциясы чогуу курулат. Эскерте кетсек,
бул келишим президент Касым-Жомарт Токаевдин былтыр бугу айында Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында түзүлгөн.
Ал кезде мамлекет башчысы белгилегендей, суу электр станциясынын пайдаланууга
берилүүсү Борбордук Азиянын энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Бүгүнкү күндө Казакстан
трансчегаралык суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында биргелешкен
гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматы
боюнча, объектти куруу тууралуу келишимди Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан
өкмөттөрү түзөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үлүштүк катышуу мүмкүнчүлүгү бар
өзүнчө акционердик коом түзүлөт. Документке Бишкекте кол коюлат деп күтүлүүдө.
Берден Оспан, Энергетика министрлигинин департамент башкармасынын башчысы:
- Долбоорду каржылоонун негизги булактары болуп компания түзүүчүлөрдүн
жеке каражаттары
саналат. Ошондой эле, уюштуруучулар эл аралык каржы институттары менен коммерциялык банктарды чакырууга укуктуу. «Камбар Ата»
гидроэлектростанциясын куруу долбоорунун алкагында бийиктиги 256
метр, кубаттуулугу 1860 МВттык гидротехникалык курулма салуу көздөлгөн.
Белгилей
кетсек, Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан Камбар-Ата суу электр станциясынын курулушуна 10 жыл кетет.
Биринчи суу агрегатын 4 жылдан кийин пайдаланууга берүү мерчемделип жатат.
Мындан тышкары, долбоордун
алкагында суу сактагычтын курулушу каралат. Бир жылда станция саатына 5,5 миллиард кВт электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков