Казакстандын
президенти Касым-Жомарт Токаев Индиянын түндүгүндөгү Пахалгам шаарындагы
терактка байланыштуу премьер-министр Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын
жолдоду. Мамлекет башчысы бул ырайымсыз зомбулукту кескин айыптап, бардык
жараат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады. Эске сала кетсек,
теракттан 20дан ашуун адам курман болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

