К.Токаев Франция президентине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

К.Токаев Франция президентине көңүл айтуу телеграммасын жолдоду

Касым-Жомарт Токаев Майотта архипелагындагы көптөгөн курмандыктарга байланыштуу Франция Президентине көңүл айтты. Мамлекет башчысы телеграммада жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалады. «Эске сала кетсек, өткөн дем алыш күндөрү кыйратуучу тропикалык «Шидо» циклону Инди океанындагы аралды каптаган. Бороон акыркы 100 жылдагы аймактагы эң катуу бороон болуп калды. Шамалдын ылдамдыгы саатына 220 чакырымдан ашкан. Натыйжада ооруканалар, мектептер жана турак үйлөр талкаланган. Куткаруу иштери күнү-түнү жүрүп жатат, курмандыктардын так саны азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийликтин айтымында, алар жүздөгөн, ал тургай миңдеген адамдарга жетиши мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков