ASTANA HUB жасалма интеллект тармагында стартаптар түзүүгө багытталган акселерациялык программаны ишке кошот

Astana Hub жасалма интеллект тармагындагы инновациялык стартаптарды иштеп чыгуучуларды колдоого ниеттенүүдө. Бул үчүн таланттуу адистерди бириктирип, эффективдүү топторду түзүү мерчемделүүдө. Бул технопарк ишке киргизген жаңы форматтагы AI 'preneurs (Ей-Ай принёрс)  акселерациялык программасынын негизги максаты жана географиялык чектөө жок. Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү иштеп чыгуучулар, инженерлер, маалымат талдоочулар, өнүм менеджерлери жана башка  IT адистери катыша алат. Программада окутуу, стартап-долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча тармак серепчилеринин жеке кеңештери камтылат. Арыздар бугу айынын 26на чейин кабыл алынат. 

Аружан Крамшеева, ASTANA HUB бизнес-программалар кеңсесинин ага менеджери: 

- Негизинен бул акселерацияны жаңы формат деп атайбыз. Себеби, буга чейин биздин стандарттуу акселерациялык программаларыбызда  калыптанган командалардан арыздарды кабыл алганбыз. Анда принёрске жеке адамдар катыша алат. Эң башкысы кесипкөй, тажрыйбалуу болсо болду.  Программа үч этаптан туруп, Астана шаарында болжол менен 3-4 айга жакын оффлайн режиминде өткөрүлөт. Ошондой эле аны ишке киргизүү кулжа айынын аягына мерчемделген. Учурда арыздарды кабыл алуудабыз. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков