«КазМунайГаз» ата мекендик мунай бренди KEBCO -
Kazakhstan Export Blend Crude Oil өндүрүшүн баштады. Бул тууралуу Улуттук
компаниянын жетекчиси Магзум Мирзагалиев Касым-Жомарт Токаевге билдирди. Баш
оона айында KEBCOнун баасы Brent мунайынын баасынан ашып кетти. Мамлекет
башчыга ошондой эле компаниянын танкердик паркын, анын ичинде Каспийдин жана
ачык деңиз сууларында энергетикалык ресурстарды ташуу үчүн чоң сыйымдуулуктагы
флотту түзүү иштери тууралуу маалымат берилди. Президент мунай менен газды
терең кайра иштетүүгө басым жасоо тармагынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков