Касым-Жомарт Токаев Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Касым-Жомарт Токаев Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Азербайжандын башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын ыргагын жогору баалашты.   Касым-Жомарт Токаев аяк оона айынын аягында Казакстанда өтө турган Азербайжандын маданият күндөрү элдердин биримдигин чыңдоодо чоң роль ойноорун баса белгиледи.   Мамлекет башчысы буга кошумча Казакстан тарап Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишимине жетишүү үчүн келечекте сүйлөшүүлөр үчүн Алматы аянтын сунуштоого даяр экенин ырастады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков