Казакстандын IT өнүмдөрү эл аралык рынокту багындырууда. Мисалы, Германияда тамак-аш жеткирүү тиркемеси, Түштүк Кореядагы туристтик агенттикти автоматташтыруу. Акыркы үч айдын ичинде эле ата мекендик IT-компаниялар өз кызматтарын дүйнөнүн 19 өлкөсүнө экспорттоп, жалпысынан 158 миң доллардан ашык пайда көргөн. Алардын 80%ы биринчи жолу чет өлкөдөн буйрутма болгон. Бардык 73 келишим Астана Хабдын «Глобалдык аутсорсер» деп аталган бирдиктүү программасынын жемиши. Башкача айтканда, глобалдык платформа аркылуу чет элдик маалыматтык технологиялар кызматтарын сунуштоо.
Таңат Өскембаев, ASTANA HUB башкаруучу
мүдүрү:
-Дүйнөлүк фриланс платформасына
катталып, буйрутма табуу. Компаниялар тагыраагы, бул программада кардарларды
кантип табуу керек, алар менен кантип диалог түзүүнү, кандай негизги маркетинг
принциптерин колдонуу сыяктуу баарын үйрөтөт. Мындай программалар аркылуу Казакстандын
экспортунун көлөмүн көбөйтүү максаты коюлган.
Жасулан Акаев, IT компаниянын
коммерциялык мүдүрү:
-Учурда бизде келишимдер бар, биз
эл аралык деңгээлде аутсорсинг, аутстав форматында иштеп жатабыз. Германияда
экспорт-импорт системасын жасап берип жатабыз. Албанияда салыкты эсептөө импорт
жана экспорт менен байланышкан, ал эми Гонконгдо бул банк сектору жана сот
системасынын программасы. Эң башкысы - заманбап Казакстандын IT иштеп
чыгууларынын деңгээлинжана өзүбүздүн деңгээлибизди көсөтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков