Казакстандын президенти БАЭнин коргоо министри мамлекеттик министрин кабыл алды

Казакстандын президенти БАЭнин коргоо министри мамлекеттик министрин кабыл алды

Президент Касым-Жомарт Токаев БАЭнин коргоо иштери боюнча мамлекеттик министри Мухаммед бен Мубарак Фадель Аль-Мазруини кабыл алды. Тараптар коопсуздукту камсыздоо жана аскердик билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын коргонуу өнөр жайындагы жетишкендиктерин белгилеп, алдыңкы технологиялар жана инновациялар жаатында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл бурду. Президент ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого даяр экенин билдирди. Өз кезегинде Эмираттардын коргоо министри бул сапар мамлекеттердин аскердик тармактагы өз ара аракеттенүүсүнө жаңы дем берерин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев Мухаммед бен Мубарак Фадель Аль-Мазруини өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков