Климат боюнча өзгөчө кырдаал – бул масштабдуу каатчылык. Аны бир гана жамааттык аракет менен чечүүгө жана глобалдык жылуулукту токтотууга болот. Бүгүн Касым-Жомарт Токаев Дубайда өткөн дүйнөлүк климаттык саммитте сөз сүйлөдү. Казакстан климаттык диалогдун жигердүү катышуучуларынын катарында болду. Республика Борбордук Азияда биринчилерден болуп Париж макулдашуусун ратификациялаган жана 2060-жылга чейин көмүртек бейтараптуулугуна жетүү стратегиясын кабыл алган.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Метандын эмиссиясын азайтуу – бул глобалдык жылуулуктун ылдамдыгын
дароо басуунун эң ылдам жолу. Мына ошондуктан мен бүгүн Казакстан глобалдык метан убадасына кошулуу чечимин кабыл алганын кубаныч менен билдирем.
Ошол эле учурда, биздин аймактагы мамлекеттерде көмүргө байланыштуу олуттуу көйгөйлөр бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Казакстан региондо биринчи болуп адилеттүү энергетикалык системага өтүү боюнча өнөктөштүк программасын ишке ашырууга умтулуп жатат. Аталган эки демилге ийгиликтүү аткарылуу үчүн досторубуз менен өнөктөштөрүбүздү колдоо көрсөтүүгө чакырабыз.
Бирок климаттык маселелерди комплекстүү чечүү зарыл. Атайын программалардын каржылоосун көбөйтүү гана аларды чечпейт. Касым-Жомарт Токаев Борбордук Азия үчүн глобалдык температуранын көтөрүлүүсү өзгөчө түйшүктүү экенин белгиледи. Глобалдык температуранын 1,5 градуска чейин көтөрүлүшү башка өлкөлөрдүн аба температурасы дагы бир градуска жогорулайт дегенди билдирет. Бул суунун таңкыстыгына жана кургакчылыкка алып келет. Касым-Жомарт Токаев эл аралык коомчулукту Арал деңизин куткаруу эл аралык фондун колдоого көп каражат бөлүүгө чакырды. Казакстан кийинки жылы фондго төрагалык кылат. Мындан сырткары, Франция менен бирге Казакстан БУУ Башкы Ассамблеясынын кийинки сессиясы алкагында «Бирдиктүү суу» аттуу биринчи тематикалык саммитинин тең төрагасы болот. Касым-Жомарт Токаев бардык катышуучу мамлекеттерди 2024-жылдын кулжа айында өтө турчу Астана Эл аралык форумуна катышууга чакырды. Ал климатка байланыштуу курч маселелер боюнча максаттуу кызматташтыкты улантуу үчүн аянтча боло алат, дейт мамлекет башчысы. Ошондой эле, Касым-Жомарт Токаев жарыялаган дагы бир демилге – Борбордук Азиядагы климатка байланыштуу иш-аракеттерге олуттуу түрткү берүү үчүн БУУ алкагында 2026-жылы Казакстанда аймактык климаттык саммит өткөрүү тууралуу чечими болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков