К.Токаев каржы мониторинги агенттигинин төрагасын кабыл алды

К.Токаев каржы мониторинги агенттигинин төрагасын кабыл алды

Мамлекет башчысы Финансылык мониторинг агенттигинин төрагасын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Жанат Элимановдун мекеменин ишинин негизги жыйынтыктары жана алдыдагы мезгилге карата милдеттери жөнүндө отчетун укту. Президентке кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берилди. Атап айтканда, Агенттик тарабынан жасалма компаниялар жана 20 мыйзамсыз криптоалмаштыргычтар аныкталды. Мындан тышкары, КМШдагы эң ири криптосервис жоюлду, ал даркнеттеги 20 аянтча менен иштешкен. Ошондой эле Агенттик бюджеттин жана мамлекеттик субсидиялардын 175 миллиард теңге жоготуусунун алдын алууга жетишти. Президент жарандардын финансылык кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков