Казакстан боюнча бардык участкалары жаңы Конституция боюнча референдумга добуш берүү үчүн эртең мененки саат 7де ачылды. Бирок, аймактык комиссиялардын чечимдерине ылайык, 92 участкада добуш берүү бир саат эрте - эртеңмененки саат 6да башталды. Бул убакта добуш бергендердин арасында аскер кызматкерлери да бар. Мисалы, Костанайдагы 6697 аскер бөлүгүндө мөөнөттүү кызматтагы жоокерлер мыйзамталаптарынын сакталышы менен добуш беришти. Аскер кызматкерлери жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум өлкөнүн келечегиүчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти. Ал жерде жалпысынан 300дөн ашуун адам добушберди, алардын жарымы биринчи жолу добушбергендер.
Пётр Небышинец, Улуттук гвардиянын 6697 аскер бөлүгүнүн жоокери:
- Мен 6697 аскер бөлүгүндө аскердик кызмат өтөпжатам. Референдумга катышып жатканымаабдан кубанычтамын. Анткени биз - жашмуунбуз. Казакстандын келечеги бизден көзкаранды. Биз мындай иш-чараларга активдүү катышышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

