К. Токаев V Улуттук курултайда сөз сүйлөдү

К. Токаев V Улуттук курултайда сөз сүйлөдү

Кызылордада Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында Улуттук курултайдын V жыйыны өттү. Казакстандын Президенти парламенттик реформа тууралуу кеңири айтып, бир палаталуу Парламентти «Курултай» деп атоону сунуштады. Мамлекет башчысы анда чыныгы патриоттор жана жогорку квалификациялуу адистер иштеши керектигин, депутаттардын жалпы саны 145ти түзүшү керектигин баса белгиледи. Эми депутаттар пропорционалдуу системанын негизинде шайланат. Бул саясий партиялардын институционалдык ролун күчөтүп, алардын коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатат. Жаңы Парламент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жаңы мыйзам чыгаруу органы өлкөдөгү масштабдуу өзгөрүүлөргө максималдуу мыйзамдык колдоо көрсөтүшү керек.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Мыйзамдарды кабыл алуунун үч этаптуу процедурасы сунушталууда. Депутаттар биринчи этапта мыйзам долбоорун жалпысынан жактырат. Андан кийин өзгөртүүлөрдү бекитип, аягында мыйзамды кабыл алат. Ошентип, биз парламенттин ишин түп-тамырынан бери кайра уюштуруу аркылуу буга чейин ишке ашырылган саясий реформаларды улантабыз. Мамлекеттин институционалдык негиздерин бекемдөө менен биз «Күчтүү Президент – таасирдүү Парламент – отчёт берүүчү Өкмөт» принцибине ылайык келген туруктуу саясий системаны калыптандырабыз.

Ошондой эле, Президент казак мамлекеттүүлүгүн жана көз карандысыздыгын ырааттуу чыңдоодо Казакстан эли Ассамблеясынын жана Улуттук курултайдын милдеттерин аткара турган жаңы институт – Казакстандын Элдик Кеңешин түзүүнү сунуштады. Мындан тышкары, жаңы мамлекеттик органда бардык этностор, калктын бардык катмарлары жана өлкөнүн бардык аймактары камтылат. Элдик Кеңеш өлкөнүн жогорку консультативдик органы макамына ээ болот. Ага этномаданий бирикмелерден, ири коомдук бирикмелерден, маслихаттардан жана аймактык коомдук кеңештерден бирдей санда 126 адамды киргизүү сунушталды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Элдик Кеңеш мыйзам чыгаруу демилгесине ээ болушу керек, бул албетте анын макамын бир топ жогорулатат.  Элдик Кеңештин жогорку органы жылына бир жолудан кем эмес чакырылуучу сессия болот. Кеңешке Казакстан эли Ассамблеясынын этностор аралык жана конфессиялар аралык макулдашуу маселелери боюнча базалык функциясы өткөрүлүп берилет. Ошол эле учурда, жаңы орган ички саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга басым жасап, мамлекеттик идеологияга, ошондой эле, Конституциянын жана мамлекетибиздин башка маанилүү документтеринин жоболоруна тиешелүү маселелерди илгерилетүү, түшүндүрүү менен алектенет.

Касым-Жомарт Токаев Казакстанда вице-президент институтун түзүүнү сунуштады. Аны парламенттин көпчүлүк добушу менен Мамлекет башчысы дайындайт. Ыйгарым укуктар чөйрөсүн Президент өзү аныктайт. Вице-президент өлкөнүн кызыкчылыгын эл аралык форумдарда жана чет мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөрдө көрсөтөт, парламентте Президенттин кызыкчылыгын коргойт жана ата мекендик, чет элдик коомдук-саясий, илимий жана маданий-агартуу уюмдары менен өз ара аракеттенет деп күтүлүүдө. Жаңы кызмат Конституцияда бекитилип, мамлекеттик кеңешчинин кызматы жоюлушу мүмкүн.  Жалпысынан, Мамлекет башчысы белгилегендей, алдыдагы конституциялык өзгөрүүлөр масштабы боюнча жаңы Конституцияны кабыл алуу менен барабар. Башында Башкы мыйзамдын 40ка жакын беренесин өзгөртүү пландаштырылган, бирок иш жүрүшүндө оңдоолор кыйла көп талап кылынары айкын болду. Ошондуктан Касым-Жомарт Токаев 100дөн ашык серепчи кирген Конституциялык комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Анын иш жыйынтыгы боюнча жалпы улуттук референдумдун датасы белгилүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков