Мамлекет башчысы тарабынан демилгеленген саясий модернизациялоо программасы жакында мыйзамдуу түрдө таризделет. Акордада Казакстандын президенти тарабынан бир катар конституциялык мыйзам долбоорлоруна эл алдында кол коюу аземи өттү. Тактап айтканда, азыр парламенттеги орундардын үчтөн бир бөлүгүн эч бир саясий партиялардын өкүлү болбогон депутаттар ээлей алышат. Мындан тышкары, эгерде эл өкүлү өз ишин аткара албаса депутаттык мандатын чакырып алуунун жаңы тартиби киргизилүүдө. Мунун баары демократияга карай кадамдар экенин саясат таануучулар белгилешүүдө.
Данияр Ашимбаев, саясат таануучу:
Жылдын аягына чейин мыйзамдар күчүнө кирет. Жаңыланган башкаруу органдары түзүлөт. Менимче, бул процесс биздин өлкө үчүн дагы эле абдан чоң окуя. Парламент, маслихаттар калктын өкүлү болот, алар өлкөнүн бүтүндөй саясий системасын тең салмактайт. Бул натыйжалуулукту жогорулатуу, демократиянын деңгээлин көтөрүүгө таасирин тийгизет.
Адам укуктары боюнча комиссардын статусу азыр конституциялык мыйзамдардын деңгээлинде бекитилген. Анын көз каранды эместигинин кепилдиги жазылган. Бул тармак дайыма мамлекеттик приоритет болуп кала берет дегенди адистер баса белгилешет.
Марат Шибутов, саясат таануучу:
Бул биздин өлкөдө жүргүзүлүп жаткан бардык реформалар адамгерчиликтүү мүнөздө экенинен кабар берет. Башкача айтканда, укуктарды коргоого багытталган.
Марат Башимов, Европалык укук жана адам укуктары боюнча серепчилер институттун мүдүрү:
Бул конституциялык мыйзамдарга кол коюу мамлекеттин өзүнүн адам укуктары жаатындагы, мындан аркы ишмердигиндеги жана карапайым жарандардын укуктарын коргоону жогорулатуудагы эң маанилүү, жыйынтыктоочу документтер болуп саналат. Бул эң маанилүү жана актуалдуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков