Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын Президентинин администрация башчысын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстандын Президентинин администрация башчысын кабыл алды

Казакстандын Президенти Өзбекстандын президенттик администрациясынын башчысын кабыл алды. Касым-Жомарт Токаев Саида Мирзиёеванын сапары Астана менен Ташкенттин стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүү жагынан маанилүү экенин баса белгиледи. Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыгын кеңейтүү келечеги талкууланды.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Биздин саясий системаларыбызда президенттердин администрациялары чоң роль ойнойт жана мен администрациялардын ортосунда активдүү ишкердик байланыштарды өнүктүрүүнү ар тараптан колдойм. Биз канчалык тыгыз өз ара аракеттенсек, Борбор Азияда туруктуулукту камсыз кылуу, аймактык кызматташтыкты бекемдөө үчүн ошончолук жакшы болот, анткени Казакстан да, Өзбекстан да бир катар көрсөткүчтөр боюнча ири мамлекеттер болуп саналат.

Мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевге жылуу каалоо-тилектерин жолдоду. Жооп иретинде Саида Мирзиёева Өзбекстандын Президентинин чын дилден саламын жеткирип, ал Казакстан менен көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө дайыма өзгөчө маани берерин белгиледи.


Саида Мирзиёева, Өзбекстан Президентинин администрациясынын жетекчиси:


Өзбекстан менен Казакстан Борбордук Азиянын туруктуулугу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешип иштеп жатат, бул өз жемишин берүүдө. Биргеликте биздин аймактын үнүн дүйнөлүк аренада бирдиктүү жана угумдуу кылабыз. Өзбекстанда биз боордош Казакстанда болуп жаткан бардык өзгөрүүлөрдү чын жүрөктөн кубаттайбыз. Казакстан – биздин ишенимдүү союздашыбыз, жана биз муну тынымсыз айтып келебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков