Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Казакстандын Уюм менен кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Мамлекет башчысы Ооганстанга көрсөтүлгөн жардамды улантууга жана өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүүгө багытталган эл аралык иш-чараларга катышууга даяр экендигин билдирди. Касым-Жомарт Токаев Уюмдун Башкы катчысына коронавируска каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде ата мекендик QazVac вакцинасын иштеп чыгуусу тууралуу маалымат берди. Антонио Гутерриш казакстандык вакцинанын иштелип чыгуусун жана массалык эмдөө өнөктүгүнүн ийгиликтүү жүргүзүлүп жатканын кубаттады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков