Казакстан-Британия кызматташтыгы

Казакстан-Британия кызматташтыгы

Тактап айтканда соода-экономика, инвестиция, айыл чарба, фармацевтика, энергетика жана билим берүү чөйрөсүндөгү маселелери талкууланды. Бул тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жалпы жыйынында айтылды. Жыйындын катышуучулары эки тараптын ортосундагы товар жүгүртүү эки эсеге өсүп, дээрлик 2 миллиард долларга жеткенин белгилешти. Ошол эле учурда Казакстандын экспорту 71%га өсүп, 1,5 миллиард долларды түздү. Акыркы жылдары, пандемияга жана геосаясий туруксуздукка карабастан, Улуу Британиядан келген инвестиция көбөйдү. 2022-жылдын тогуз айында Казакстандын экономикасына капиталдык салымдардын көлөмү 529 миллион долларга жетти.

Кэти Лич, Улуу Британиянын Казакстандагы элчиси:

- Биз британиялык компанияларга Казакстандагы металл жана пайдалуу кендерди инвестициялоонун жаңы жолдорун табууга жардам бергибиз келет. Ошондой эле сиздердин өлкөгө ​​айыл чарбасы үчүн мал чарбасына арналган генетикалык материалдарды экспорттоону  биринчи жолу баштаганы турабыз. Мындан тышкары экологиялык жактан таза энергетика, жашыл технологиялар жана билим берүү тармагында кызматташуубуз бекемделе бермекчи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков