Франция Казакстан менен өз ара кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар. Саясат таануучулардын айтымында, бул ниеттер маданий-гуманитардык алакалардын, ошондой эле соода-экономикалык мамилелердин дараметин жогорулатууга түздөн-түз байланыштуу. Буга Франциянын президенти Эмманюэль Макрондун Астанага сапары далил. Эске салсак, Касым-Жомарт Токаев өткөн жылы Парижде тараптардын жаңы ийгиликтүү өнөктөштүгүнө жол ачкан. Жалпысынан акыркы 18 жылда бешинчи мамлекет Казакстанга 17 миллиард долларга жакын инвестиция салган. Талдоочулардын баамында, Европада экинчи, дүйнөдө жетинчи экономика аталган Франция Казакстанга инвестиция салууга даяр. Эки өлкөнүн тең транспорт, логистика, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, анын ичинде кайра жанма энергия булактары тармагында натыйжалуу кызматташууну орнотуу үчүн чоң дарамет бар. Мындан тышкары, Франция казакстандан уран жана сейрек металлдарды импорттоого кызыктар.
Дина Айкенова,
саясат таануучу:
- Францияда электр
энергиясын өндүрүүнүн 80% атомдук энергиянын эсебинен жүргүзүлөт. Ал үчүн 10
тоннадай уран керектелет. Ал эми уран боюнча дүйнөлүк өндүрүш менен
жеткирүүлөрдүн бардык үлүшүнүн 22%
Казакстанга тиешелүү. Мына ушуну эске алуу менен биздин өлкөгө делген
кызыгуучулук абдан чоң деп ишеним менен айта алабыз. Өлкөлөр 30 жылдан ашык
убакыттан бери кызматташып келет. 1990-жылдын үчтүн айынан тартып дипломатиялык
мамилелер орногон. Маданий-агартуу чөйрөсү жигердүү өнүгүп келе жатат. Маселен,
Франция Казакстанда француз тилинин ролун күчөтүүгө жана маданий-гуманитардык
багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков