Tажикстан транзиттик хаб болууга ниеттенүүдө

Tажикстан транзиттик хаб болууга ниеттенүүдө

Тажикстан толук кандуу транзиттик хаб болууга ниеттенүүдө. Бул үчүн алдыдагы жылдары өлкөдө миң чакырымга жакын жол, көпүрө жана көчкүгө каршы коридор салынып, кайра жаңыртылат. Мисалы, «Дангара-Гулистон» таш жолу климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкташтырыла турган, ошондой эле заманбап экологиялык элементтер менен жабдыла турган алгачкы магистраль болот. Анын курулушу өткөн жылдын жетинин айында башталды. Азыр 17 участокто өндүрүштүк ишканаларды монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Автожолдор да дүйнөлүк стандарттарга ылайык жаңыртылат. Анын узундугу 49 чакырымдан ашат. Жол төрт тилкеге чейин кеңейтилип, веложолдор, жөө жүргүнчүлөр тротуарлары жана жарык менен толукталат деп күтүлүүдө. Айта кетейик, кайра куруу «Жашыл коридор» пилоттук долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы менен Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков