Казакстанда CRIRSCO стандарттарын киргизүү маселелери өкмөттө талкууланды

Казакстанда CRIRSCO стандарттарын киргизүү маселелери өкмөттө талкууланды

Казакстанда жер казынасын пайдалануу тармагына CRIRSCO стандарттарын киргизүүгө даярдыктар жүрүп жатат. Премьер-министр өкмөттүн кезексиз жыйынында жаңы кендерди тез арада аталган стандарттарга өткөрүү керектигин айтты. Алихан Смаиловдун пикиринде, учурда өндүрүшкө даярдалып жаткан кендер боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин улантуу зарыл. Мындан тышкары, Премьер-министр KazRC стандарттары боюнча отчёт берген адистердин жоопкерчилигин көзөмөлдөө, керек болсо кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин кароо зарылдыгын эскертти.  Айта кетсек, CRIRSCO – бул табигый кен байлыктар тууралуу ачык-айкын маалымат берүүгө арналган эл аралык комитет. Ага Австралия, Канада, Орусия, Түркия, Индия, Жаңы Зеландия жана Европанын, Африканын, Түштүк Американын жана Түштүк-Чыгыш Азиянын бир катар өлкөлөрү мүчө. Ата мекендик KAZRC стандарттары CRIRSCOго 2016-жылы кабыл алынган. Ал эми эл аралык стандарт өлкөдө 2024-жылдан тарта күчүнө кириши керек. Бул өз кезегинде Казакстанга чет элдик инвестицияны тартууга шарт түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков