К.Токаев коргоо министрин кабыл алды

К.Токаев коргоо министрин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев коргоо министрин кабыл алды. Президент – Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку Башкы командачысы ведомствонун биринчи жарым жылдыктагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаманы укту. Даурен Косанов аскерлердин мобилдүүлүгүн жогорулатуу, абадан коргонууну, аймактык аскерлерди, учкучсуз учуучу аппараттардын бөлүктөрүн, аскердик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иштер тууралуу билдирди. Касым-Жомарт Токаевге ошондой эле армиянын согуштук даярдыгынын абалы жана жазгы чакыруу өнөктүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди. Казакстандын Президенти министрдин алдына Куралдуу күчтөрдүн согуштук потенциалын мындан ары да жогорулатуу боюнча бир катар милдеттерди койду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков