К. Токаев Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен барат

К. Токаев Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен барат

Мамлекет башчы аяк оона айынын 28и 29у күндөрү Германия Федеративдүү Республикасына расмий сапар менен барат. Касым-Жомарт Токаев Берлинде федералдык канцлер Олаф Шольц жана федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кошумчалай кетсек, президенттин Борбор Азия жана Германия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышуусу пландалууда. Ошондой эле, иш сапарынын алкагында президент Берлин глобалдык диалог форумунда сөз сүйлөп, немис бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков.