БУУ 2026-жылды эл аралык ыктыярчылар жылы деп жарыялады

БУУ 2026-жылды эл аралык ыктыярчылар жылы деп жарыялады

2026-жыл эл аралык ыктыярчылар жылы деп жарыяланды. Тиешелүү резолюцияны Казакстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алды. Документтин тең авторлугуна уюмга мүчө 54 мамлекет кошулду. Республиканын ТИМнин маалыматы боюнча, эл аралык жылдын алкагындагы иш-чаралар ыктыярчылык кыймылга улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде күчтүү түрткү берип, кызматташтыкты чыңдоого жана аны андан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого салым кошот. Президент Касым-Жомарт Токаев өлкөдө ыктыярчылык кызматты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип, аны Адилеттүү Казакстанды түзүүнүн маанилүү курамдык бөлүктөрүнүн бири катары карай турганын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү ыктыярчылардын саны 200 миң адамга жетти.