Казакстан Премьер-министри Маңгыстау аймагынын өндүрүштүк дарамети менен таанышты

Казакстанда 2027-жылы жаңы газ заводу ишке кирет. Маңгыстау облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө өлкөнүн Премьер-министри аталган объекттин курулушу менен таанышты. Долбоор калкты көгүлтүр отун менен кошумча камсыз кылуу менен бирге ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кошумча наркы жогору мунай-химиялык өнүмдөрүн түзүүгө дем берет деп күтүлүүдө. Ишкананын кубаттуулугу жылына 900 млрд куб метр газды түзөт.

Абай Молбаев, Казак газ кайра иштетүү заводунун курулуш дирекциясы башчысынын милдетин аткаруучу:

- Завод экологиялык коопсуздук талаптарына жана дүйнөлүк стандарттарга ылайык курулат. Бүгүнкү күндө бардык инженердик, геодезиялык, геологиялык, гидрометеорологиялык жана экологиялык изилдөөлөр толугу менен аяктады.

Ошондой эле Өкмөт башчы Актаудагы «Каспий» тузсуздандыруу заводун модернизациялоонун жүрүшү менен таанышты. Ишкананын кубаттуулугун 2 эсеге көбөйтүү мерчемделген. Башкача айтканда, суткасына 40 миң кубометр суу кайра иштетилет. Бүгүнкү күндө негизги иштер аяктап, заводду ишке киргизүүгө даярдык көрүлүүдө. Экспортко багытталган «КазАзот» ишканасы да өндүрүш тармагын кеңейтүүнү пландоодо. Бул жерде айыл чарбасы үчүн минералдык жер семирткичтерди жана тоо-кен тармагы үчүн химиялык заттарды өндүрүү боюнча аммиак-карбамид комплексин куруу пландаштырылууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков